Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүнчү ташуу менен алектенген фирмалар өлкө казынасына канча каражат төлөп келгендигин тактап көрдү.
Бишкекте 41 жеке фирма эл ташыйт. Алардын кээ бири беш миллион сомго жакын акча төлөсө, айрымдары 594 сом менен чектелген.
Калаада күнүнө 2700дөн ашык кичиавтобус 122 каттам боюнча иштеп келген. Ошондой эле 21 каттам менен 250дөн ашык автобус, троллейбус калкка кызмат көрсөтөт.
Аталган фирмалардын директорлорунун арасында буга чейин эл өкүлү же мамлекеттик кызматкер болгондор дагы жок эмес. Мисалга, "Акжолтой" ачык акционердик коомунун директору Кеңешбек Жусупов буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Андан сырткары, "ГАЛОП" фирмасынын башчысы Шейшенбек Байболотов Бишкек шаардык транспорт башкармалыгын жетектеген.
Учурда иш таштаган айдоочулардан улам калаада эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.