БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Апрель айына карата жаратылыш газынын бир метр кубу калк үчүн 14,35 сом деп белгиленгенин "Газпром Кыргызстан" ЖАКтын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, коммерциялык түзүмдөр менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алганда газдын бир метр кубу 17,60 сом болду.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын №68, 69 "Калк үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө", "Өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө" буйруктарына ылайык, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы ар бир айдын башында КР Улуттук банкы тарабынан бекитилген доллардын расмий курсуна жараша тарифти түзөт.
1-апрелге карата доллардын расмий курсу Улуттук банк тарабынан 68,43 сом деп белгиленди.
Ал эми март айында газдын бир метр кубу калк үчүн 14,3 сомду түзгөн.