Кыргыз балбандары сумого түшкөндө... Тирешкен, түртүшкөн ирмемдер

Sputnik

Жээнбеков футбол боюнча курама команда менен жолугуп, 1 млн. сом берди. Сүрөт
Жыйынтыгында балдар арасында Умар Өмүрбеков (30 кг), Разак Бейшекеев (40 кг), Айбек Кадыркулов (50 кг), Эркинбек Каримов (60 кг), Нурсултан Кабылбеков (70 кг), Бекболот Нурубаев (80 кг), Эрлан Бектеналиев (80 кг өйдө) жана Максат Тынаев (абсолюттук салмак) чемпион аталса, кыздардын ичинен Таңчолпон Кубалбекова (50 кг), Элнура Алмазбекова (60 кг), Даяна Жакып кызы (60 кг өйдө) жана Бермет Нурлан кызы (абсолюттук салмак) мыкты аталды.

Мелдеш кечээ, 31-мартта борбордогу Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүлгөн.

1 / 10
Кармаш гёдзинин (калыс — ред.) буйругу менен башталат
2 / 10
Уландар 8 салмак түрү боюнча чемпион аталды
3 / 10
Мелдеш Сумо ассоциациясы, борбор калаа мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгы, КРдин Япон элчилиги менен биргеликте өткөрүлдү
4 / 10
Кыргыз спортчулары күрөштүн бардык түрүнө жакын
5 / 10
Сумочулардын кийими — маваси. Кездеме чаттан өткөрүлүп белден байланат
6 / 10
Кыздар төрт салмак түрү боюнча күч сынашты
7 / 10
Оор салмактагы балбандар көз кандырган кармаш көрсөтөөрү чындык
8 / 10
Сумонун мекени Япония
9 / 10
Атаандашты килемдин чегинен чыгара алгандарга упай берилет
10 / 10
Машыктыруучулар — спортчулардын экинчи атасы