Бишкектеги үйлөнүү тойдо 40ка жакын адам ууланып, ооруканага түштү

Тойго Ысык-Көл, Нарын жана Ош облусунан 190дой мейман келген.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы ресторандардын биринде 38 адам ууланып ооруканага жаткырылды, алардын жетөө балдар. Бул тууралуу Салматтык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Казакстанда 61 адам балмуздакка ууланды, үчөөнүн абалы оор
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал ресторанда үйлөнүү тоюу өткөрүлгөн. Жабырлануучулар ишемби күнү, 31-мартта ооруканага кайрылган. Учурда алардын көпчүлүгүнүн абалы орто жана жеңил.

Окуяга байланыштуу шаардык Санитардык-эпидомиологиялык көзмөлдөө борбору текшерүү жүргүзүп жатат.

Тойго Ысык-Көл, Нарын жана Ош облусунан 190дой мейман келген. Буга байланыштуу окуянын чоо-жайын тактоо үчүн аталган борбордун аймактык бөлүмдөрү ишке тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Учурда абал саламаттык сактоо министринин орун басары менен башкы санитардык дарыгери Олег Горин тарабынын көзөмөлгө алынды.