Атамбаевдин жанында турган Гүлназ Өмүрбек кызы тууралуу 6 факты

КСДПнын жабык өткөн курултайындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанындагы делегат кыздын сүрөтү коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурду.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүк кызыгып жаткан Гүлназ Өмүрбек кызы менен байланышып өзү тууралуу кыскача маалымат алды. 

Туулган жери. Гүлназ Өмүрбек кызы 1993-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында төрөлгөн. Алты бир туугандын экинчиси.

Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы

Билими. 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер институтуна тапшырган. Кесиби боюнча дипломат. 

Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы

Иш тажрыйбасы. 2011-жылы, 1-курстун студенти кезинде эле КСДП партиясына жөн гана мүчө болуп кирген. Андан соң шайлоолордо үгүт иштерине катышып жүрүп, 2013-жылы КСДПнын Ленин райондук кеңешине мүчө болгон. Учурда саясий партиянын уюштуруу бөлүмүндө эмгектенет. 

Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы

Атамбаевдин жанына туруп калышы боюнча. "Биздин партияда жаштарга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан улам съездде экс-президенттин жанына жаштарды тургузууну туура көрүшүп, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, партиянын мүчөсү Жаныбек Абиров экөөбүздү алдыңкы катарга, Алмазбек Атамбаевдин жанына отургузушту", — деди Өмүрбек кызы. 

Закрытое заседание фракции СДПК

Партиядан тышкары. Гүлназ Өмүрбек кызы партиянын жумушунан сырткары чакан ишкерлик менен алектенет. Тагыраагы, кийим-кечек алып-сатып иштейт.

Үй-бүлөлүк абалы. Турмушка чыга элек. 

Член организационного отдела СДПК Гулназ Омурбек кызы

Эске салсак, КСДПнын кезектеги курултайы кечээ, 31-мартта, борбор калаадагы бизнес борборлорунун биринде өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Съездге чогулгандар Алмазбек Атамбаевди бир добуштан КСДПнын төрагалыгына шайлады.

Үзөңгүлөш, санаалаш, сапарлаш. КСДП съезди жана экс-ажо Атамбаев. Сүрөттөр
Экс-президент 2011-жылдын соңуна чейин аталган партияны жетектеп, өлкө башчысы болгондон кийин кызматтан кеткен. Ошондон бери анын орду бош болчу.

КСДП — Кыргызстандагы ири саясий бирикмелердин бири. 1993-жылы 1-октябрда Атамбаевдин демилгеси менен түптөлгөн.

Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өткөргөн съезди жана Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге өткөргөн брифинги туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин тесттик трансляциясынан окуңуздар.