Чүй милициясы Жайылда мыкаачылык менен жасалган кылмыштын бетин ачты

Киши колдуу болгон 29 жаштагы кишинин сөөгү 15-февралда табылган
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жайыл райондук милициясы 29 жаштагы тургун өлтүрүлгөн оор кылмыштын бетин ачканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү катары эки киши кармалган.

"Маркумдун сөөгү жергиликтүү жашоочулар тарабынан табылып, милицияга билдирүү түшкөн. Өлтүрүлгөн адам башынан катуу жаракат алганы аныкталган. Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Алар жасаган күнөөсүн мойнуна алды", — деп айтылат кабарда.

Аялды өлтүрүп, сөөгүн таш менен бастырып койгон. Кылмышка шектүү киши кармалды
Тергөөнүн жүрүшүндө 15-февраль күнү маркум достору менен эс алып отурганы белгилүү болгон. Ичкилик ичкен жигиттердин ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланып кеткен. 29 жаштагы киши башынан оор жараткан алып, эсине келбеген бойдон көз жумган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.