КСДПнын съездинде Атамбаевдин жанында турган ким?

КСДПнын съездине журналисттер киргизилген жок
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. КСДПнын жабык өткөн курултайындагы сүрөт учурда интернет айдыңында талкууга алынып жатат. Көптөр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанындагы делегат саясий чөйрөдө таанымал болбогондуктан, анын ким экендигине кызыккандар арбын болууда.

Закрытое заседание фракции СДПК

Экс-президенттин сол жагында Жогорку Кеңештин вице-спикери Асел Кодуранова, ал эми оң жагында уюштуруу бөлүмүнүн мүчөсү Гүлназ Өмүрбек кызы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, андан ары партиянын мүчөсү Жаныбек Абиров жана депутат Осмонбек Артыкбаев турат.

Атамбаев журналисттер менен жолукту. Видео
Эске салсак, КСДПнын кезектеги курултайы бүгүн, 31-мартта, борбор калаадагы бизнес борборлорунун биринде өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Съездге чогулгандар Алмазбек Атамбаевди бир добуштан КСДПнын төрагалыгына шайлады.

Экс-президент 2011-жылдын соңуна чейин аталган партияны жетектеп, өлкө башчысы болгондон кийин кызматтан кеткен. Ошондон бери анын орду бош болчу.

КСДП — Кыргызстандагы ири саясий бирикмелердин бири. 1993-жылы 1-октябрда Атамбаевдин демилгеси менен түптөлгөн.

Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өткөргөн съезди жана Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге өткөргөн брифинги туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин тесттик трансляциясынан окуңуз.