Жабык эшик артында өтүп жаткан КСДПнын съездинен алгачкы сүрөттөр

Алгачкы сөздү партиянын өкүлү Фарид Ниязов сүйлөдү.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Борбор калаада КСДПнын жабык эшик артында өтүп жаткан съезди Кыргызстандын гимни менен башталды.

1 / 5
Борбор калаада КСДПнын жабык эшик артында өтүп жаткан съезди Кыргызстандын гимни менен башталды
2 / 5
Президиумда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, вице-спикер Асел Кодуранова отурат
3 / 5
Съезд Бишкектин Москва көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишкендеги бизнес борборунда өтүүдө
4 / 5
Алмазбек Атамбаев КСДПны 2011-жылдын аягына чейин жетектеп келген
5 / 5
Президент болгондон кийин төрагалыктан кеткен. Ошондон бери анын орду бош болчу.

Президиумда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, вице-спикер Асел Кодуранова отурат. Алгачкы сөздү партиянын өкүлү Фарид Ниязов сүйлөдү.

Атамбаев кайра саясатка келеби? Эксперттердин пикири
Съезд Бишкектин Москва көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишкендеги бизнес борборунда өтүүдө.

Алмазбек Атамбаев КСДПны 2011-жылдын аягына чейин жетектеп келген. Президент болгондон кийин төрагалыктан кеткен. Ошондон бери анын орду бош болчу.

Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өткөрүп жаткан съездин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тесттик трансляциясынан окуңуз.