Үзөңгүлөш, санаалаш, сапарлаш. КСДП съезди жана экс-ажо Атамбаев. Сүрөттөр

Sputnik

Жыйында Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгына шайлоо маселеси каралып, делегаттар аны бир добуштан колдошту.

Съездге журналисттер киргизилбей жабык түрдө өттү. Андан сырткары, Асылбек Жээнбеков менен Искендер Матраимов чакырылган эмес.

1 / 12
Алмазбек Атамбаев съездге саат туура 10:00дө келди
2 / 12
Алмазбек Атамбаевди жыйын боло турчу жерден партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү тосуп алды
3 / 12
Съезд башталаар алдында
4 / 12
Партиянын жыйыны гимн менен башталды
5 / 12
Партиянын 17-съездине бардык аймактардан делегаттар келди
6 / 12
Күн тартибинде Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгына шайлоо маселеси каралды
7 / 12
Съездге катышкан делегаттар
8 / 12
Атамбаев партия төрагалыгына бир добуштан шайланды
9 / 12
Жыйын жабык түрдө өтүп, журналисттер киргизилген жок
10 / 12
Делегаттарга күн тартибинде карала турчу маселелердин тизмеси таратылган
11 / 12
Атамбаев 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого партияны даярдай турганын айтты
12 / 12
Мурдагы президент партиянын катары тазалана турганын буга чейин дагы билдирген болчу