Индияда дүйнөдөгү эң узун эстелик курулуп жатат

Эстелик Индиядагы саясий улуу ишмер, аталган өлкөнүн Баш мыйзамынын авторлорунун бири Сардар Пателге тургузулууда
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Индияда "Биримдиктин статуясы" деп аталган дүйнөдөгү эң узун эстеликтин курулушу башталды. Бул туурасында National Geographic сайтында жазылган.

Чыңгыз хандын алдында жаңырган Манас. Манасчы Дөөлөт Сыдыков видеосу тууралуу
Эстелик Индиядагы саясий улуу ишмер, аталган өлкөнүн Баш мыйзамынын авторлорунун бири, өкмөт башчы болуп иштеген Сардар Пателге тургузулууда. Анын узундугу 182 метр, АКШдагы 93 метрлик Эркиндик статуясынан эки эсе узун.

Монументтин дизайнын Архитектура студиясы иштеп чыккан. Ал жерде эстеликтен сырткары мейманкана, мемориал багы жана туристтик борбор бар.

Курулуш Гужарат штатындагы Садху-Бет аралына 3 жылдан бери курулууда. Долбоор жетекчилери эстеликти быйыл бүтүрүүгө ниеттенип жатат.