Атамбаев президент Жээнбеков менен болгон мамилеси тууралуу айтты

Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Сооронбай Жээнбековдун президенттиги оор кырдаалга туш болду. Бул тууралуу мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев КСДПнын съездинин соңу менен өткөрүлгөн маалымат жыйында айтты.

"Сооронбай Шарипович менен 23 жылдан бери доспуз. Мен андан эки жаш улуумун. Ага башкалар айтпаган айрым нерселерди айтып коюшум мүмкүн. Сөздөрүмдү Жээнбеков угуп турат. Ал оор учурга туш келди. Биз президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өттүк. Биздин милдет — ага жардам берүү. Жардам берет десе эле аны мактай бербей кээде катуу нерселерди да айтыш керек", — деди Атамбаев.

Экс-президент акыркы жолу Жээнбеков менен болгон жолугушууда 4,5 саат сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн КСДПнын съезди өтүп, Алмазбек Атамбаев саясий бирикменин төрагасы болуп шайланды.