Алмазбек Атамбаев КСДПны эми өзү жетектемей болду

Бүгүн саясий бирикменин съезди болуп өттү
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү негиздеген Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу делегаттардын бири билдирди.

Эскерте кетсек, КСДПнын съезди бүгүн өтүп, анда партиянын төрагасын шайлоо маселеси каралган. Делегаттар Атамбаевди бир добуштан төрагалыкка шайлады.

Экс-президент 2011-жылдын соңуна чейин аталган партияны жетектеп, өлкө башчысы болгондон кийин кызматтан кеткен. Ошондон бери анын орду бош болчу.