Алмазбек Атамбаев КСДП съездине келди. Видео

Съезд жабык эшик артында өтүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын съезди өтүп жаткан "Орион" бизнес борборуна келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Съезддин саат 10.00дө башталары кабарланган. Атамбаевден сырткары, жыйынга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов да келди.

Атамбаев кайра саясатка келеби? Эксперттердин пикири
Съезддин соңу менен КСДП өкүлдөрү брифинг өткөрүлө турганын айтышкан.

Алмазбек Атамбаев КСДПны 2011-жылдын аягына чейин жетектеп келген. Президент болгондон кийин төрагалыктан кеткен. Ошондон бери анын орду бош болчу.

Съезд кандайча өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан таанышсаңыз болот.