Атамбаев Асылбек Жээнбеков депутаттыгы кандай зыян алып келерин айтты

31-мартта Бишкекте КСДП партиясынын съезди болуп, анын соңунда Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берди
Sputnik

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Асылбек Жээнбековдун депутат болуп отурушу агасы президент Сооронбай Жээнбековго кандай таасир бериши мүмкүндүгүн айтты.

"Президенттин бир тууганынын депутат болгону эртеби-кечпи ага залакасын тийгизет. Бул боюнча Сооронбай Жээнбековго шайлоо маалында да айтылган. Негизги чечимди эми Асылбек Жээнбеков кабыл алышы керек", — деди ал.

Атамбаев Асылбек Жээнбековду сыйлай турганын, партияга жакшы иштеп берип, кийин анын үзүрүн көргөнүн да кошумчалады. Атап айтканда 2007чи, 2010чу жана 2015-жылы үч жолу депутат, эки жолу төрага болгон.