Түркмөнстан президентинин баласы депутат болду

Ажонун баласы менен кошо бир округдан мектеп директорунун орун басары Кака Огулджерен Гурдова талапкерлигин койгон
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Туркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов өлкө парламентине депутат болуп келди. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып билдирди.

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо 25-мартта болгон. Аны менен кошо бир округдан мектеп директорунун орун басары Кака Огулджерен Гурдова чыккан.

Түркмөнстанда кара түстөгү автоунааларды айдоого тыюу салынды
Маалыматта Сердар Бердымухамедовго шайлоочулардын 25 700и, ал эми анын атаандашы мугалимге 2 412си добуш бергени айтылган.

Сердар Бердымухамедов 1981-жылы туулган. Сапармурат Ниязов атындагы Түркмөнстандагы айыл чарба университетинен инженер-технолог адистигин алган.

2008-2011-жылдары Россия ТИМинин дипломатиялык академияны аяктаган. 2011-2013-жылдары Женевадагы Саясат коопсуздугу борборунда окуп, европалык жана эл аралык коопсуздук адистиги боюнча билим алган.

Межилис — Түркмөнстандагы мыйзам бийлигин жүргүзгөн мамлекеттик жогорку органдарынын бири. Парламент мүчөлөрү беш жыл ичинде бир ирет шайланып турат.