Трамп жеке дарыгерин ардагерлер министри кылып дайындады

50 жаштагы Жексон Ак үйдө дарыгер катары Жорж Буштун кичүүсү бийликке келгенден тарта иштейт
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп өз администрациясында кезектеги кадрдык өзгөрүү болгонун билдирип, ардагерлер иши боюнча жаңы министр болуп жеке дарыгери адмирал Ронни Жексон дайындалганын айтты.

Трамп трансгендерлердин аскерде кызмат өтөөсүнө тыюу салды
Трамп өз сөзүндө ардагерлер иши боюнча министр кылып адмирал, медицина илимдеринин доктору Ронни Жексонду дайындап жатканына кубанычта экенин белгиледи. Азырынча министрдин милдетин Дэвид Шулькин аткарып турарын Трамп Twitter баракчасына жазды.

Жаңы министрди аталган кызматка сенат жактырышы керек. 50 жаштагы Жексон Ак үйдө дарыгер катары Жорж Буштун кичүүсү бийликке келгенден тарта иштейт.

Эмне үчүн мындай кадрдык өзгөрүү болуп жатканына Трамп дагы, Ак үй дагы расмий түрдө түшүндүрмө бере элек.