БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов KG сериясындагы номерди кайтаруу демилгесинен улам болуп жаткан чуру-чууга таң калганын билдирди.
Бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эл менен жолугушуу үчүн аймактарга барганда аларга ким келгенин билбей жатканын жана эл өкүлдөрү жолдо баратканда эч ким тоскоолдук кылбашы керектигин айткан.
Икрамов KG-номерлерин кайтарууну же өкмөттүн мүчөлөрү да катардагы мамлекеттик номерлер менен жүрсүн деген ультиматум койгон.
"Эмнеси жаман? Парламенттик өлкөдө жашап жатабыз деп айтабыз, бирок чынында андай эмес, өкмөттө андай номерлер бар да, парламентте жок. Андыктан мен ушундай ультиматум койдум. Бул номерлер кимге жолтоо болуп жатат? Тескерисинче, журналисттер менен эл депутаттар эмне иш кылып жатканын жакшы билип турат. Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кажети жок", — деди депутат.
Белгилей кетсек, 2016-жылы 3-февралда Жогорку Кеңешке (120 номер) жана өкмөткө (23 номер) таандык KG сериясындагы 143 комплект мамлекеттик номер жок кылынган. Буга чейин өкмөт жолдо жүргөн бардык жарандардын укугу бирдей болушу керектигин айткан. Андан сырткары 2014-жылы күзүндө Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, депутаттар кызматтык автоунаадан баш тартышкан болчу.