ӨКМ: эки айдын ичинде Кыргызстанда өрттөн 25 киши каза тапкан

Өрт кырсыгы негизинен турак жайлар менен батирлерден чыгат
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 2018-жылдын эки айынын ичинде Кыргызстанда өрттөн 25 киши каза болсо, анын бири бала экенин ӨКМ билдирди.

Бишкек тургуну соода борборлорунда өрт коопсуздугу сакталбаганын тартып алды. Видео
Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул маалында тилсиз жоодон 23 киши көз жумса, анын бири өспүрүм болгон.

Январь-февраль айларынын аралыгында 638 өрт кырсыгы катталып, андан 168 миллион сомдук зыян келтирилген. 9 киши жабыркап, 24 адамдын өмүрү сакталган. Мындан тышкары, 184 миллион сомдук материалдык баалуулукту сактап калууга мүмкүн болгон.

Өрт кырсыгына негизинен электр жабдууларын пайдаланууда эрежелердин бузулушу (37,9 пайыз), меш менен морлордун туура эмес курулушу (23), этиятсыздык (18,7) жана балдардын шоктугу (8 пайыз) себеп болот.

Өрт кырсыгынын 71,9 пайызы турак жайлардан чыккан. Андан 26 миллион сомдук зыян келтирилип, 23 киши набыт болгон.