КG номерлер кайтарылбаса өкмөт өкүлдөрү дагы жөнөкөй номерде жүрүшү керек. Аталган демилгени депутат Тазабек Икрамов көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, депутаттар аймактарга барганда эл көп чогулушу үчүн унаага КG номерлерди кайтаруу керек болуп жатат.
"Биз аймакка чыкканда эл депутаттын келгенин билип, көбүрөөк чогулушу үчүн жана жолдо бара жатканда депутатка тоскоолдуктар болбошу үчүн мурдагы КG номерлерди кайтаруу керек болуп жатат. Мейли унааны кайтарбай эле коелу. Бирок унаага тага турган КG номерлер керек болууда", — деди Икрамов.
Эске сала кетсек, буга чейин депутаттар кызматтык унаадан баш тартышкан.