Нарында жети жыл мурда салынган мектеп урап калуу коркунучунда турат. Сүрөт

Аныкталган кемчиликтерди тез арада жойбосо, окуучулардын өмүрүнө кооптуу абал жаралууда
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Нарын районундагы Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектеп техникалык коопсуздук талаптарын бузуу менен салынгандыктан, жарака кетип урап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

1 / 4
Нарын облусунун Нарын районундагы Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектеп техникалык коопсуздук талаптарын бузуу менен салынгандыктан, жарака кетип урап калуу коркунучунда турат
2 / 4
Мектеп 2011-жылы эле салынып, колдонууга берилген
3 / 4
Курулуш нормалары сакталбагандыктан мектептин спорт залы чөгүп кеткен
4 / 4
Аныкталган кемчиликтерди тез арада жойбосо, окуучулардын өмүрүнө кооптуу абал жаралууда.

Маалыматка караганда, мектеп 2011-жылы эле салынып, колдонууга берилген.

"Курулуш нормалары сакталбагандыктан мектептин спорт залы чөгүп кеткен. Аныкталган кемчиликтерди тез арада жойбосо, окуучулардын өмүрүнө кооптуу абал жаралууда", — деп маалыматта айтылат.

Мамэкотехинспекциянын адистери аныкталган кемчиликтер боюнча курулуш компания ээлерине жана мектептин жетекчилигине имаратты кайрадан оңдоп-түзөө боюнча эскертүүлөрдү берди.

Белгиленген мөөнөттө талаптар аткарылбаса, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.