Радио

Эржигитов: "Кырк кадам" долбоорунун алкагында онлайн шайлоого өтөбүз

Мамлекеттик каттоо кызматынын байланыш жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитов аталган мекеме технологиялык жактан башка мамлекеттик органдардан бир топ алдыда экенин айтты
Sputnik
Эржигитов: "Кырк кадам" долбоорунун алкагында онлайн шайлоого өтөбүз

"Кырк кадам" долбоорунун алкагында онлайн шайлоого өтөбүз. Мындай пикирин Мелис Эржигитов Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер бардык башка мамлекеттик мекемелер да техникалык жактан жабдылса 3-4 жылдын аралыгында Кыргызстан шайлоону онлайн өткөрүүгө жетишип калат.

"Биз идентификация процессин жакшыртуу үстүндө иштеп жатабыз. Анын жыйынтыгында онлайн шайлоо өткөрүүгө жетишибиз керек. Жарандар коопсуздук маселесин ойлоп, кабатырланбай эле койсо болот, анткени программа абдан мыкты корголгон", — деди Эржигитов.

Ал шайлоо процессин жакшыртуу программасы Эстониядан көчүрүлгөндүгүн кошумчалады.