Кыргызстандын прокурорлору элди видеокамера алдында кабыл ала баштайт

Өткөн жылы Башкы прокуратуранын кызматкерлерине каршы элден 122 арыз келип түшкөн
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин жарандарды кабыл алуусу камерага тартыла баштайт. Бул тууралуу аталган ведомствонун ички иликтөө бөлүмүнүн начальниги Марс Абышкаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйын учурунда билдирди.

Начальник отдела внутренних расследований ГП КР Марс Абышкаев

Анын айтымына караганда, камераларды орнотуу боюнча тийиштүү чечим кабыл алынган.

"Башкы прокуратуранын жанына жакында эле жарандарды кабыл алуу үчүн жаңы имарат курулду. Ал жакка коррупциянын алдын алуу жана ачык-айкындуулук максатында видео каттагычтар орнотулуп жатат", — деди Абышкаев.

Ал ошондой эле ведомство коррупцияны жоюу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтып, кылмыш иши козголгон кызматкерлер жок экенин белгиледи.

Өткөн жылы Башкы прокуратуранын кызматкерлерине каршы элден 122 арыз келип түшкөнүн кошумчалады.