Казакстанда 61 адам балмуздакка ууланды, үчөөнүн абалы оор

Аталган факты боюнча милиция кылмыш ишин козгоду
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Шымкент облусунун жугуштуу оорулар боюнча ооруканасына балмуздакка ууланды делип 61 адам жеткирилген. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ооруканага жаткырылган 41 адамдын ичинен 20 жаш балдар. 

"Ооруканадагылардын үчөөнүн абалы оор. Алардын бири кош бойлуу келин болсо, экөө өспүрүм", – деп жазылат макалада. 

Ууланган адамдардын баары бир дүкөндөн балмуздак алышкан. 

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгы боюнча комитети балмуздак үй шартында даярдалганын билдирди.