Ишембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Марттын акыркы күнү аба ырайы жылуу болуп, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Апрелде аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 22…27 градус ысык болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 23…28 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды. Ысык-Көл менен Нарында 12…17 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарында да күн ачык болот. Абанын температурасы 25…27 градуска чейин жогорулайт.