Чалкан: бети бир кызарып койбогон айдоочулар

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жол эрежелерин бузуу учурларынын сүрөт, тасмасын жарыялаган "Чалкан" рубрикасын улантат.
Sputnik

Мында окурмандар "Жолдогу эреже бузуулар" деп атап сүрөт, тасма жибере аларын эске салабыз. Материалдар Sputnik Кыргызстандын Telegram "Бишкек сегодня", ошондой эле WhatsApp-каналы боюнча редакцияга келип түшөт.

Бул ирет түрмөгүбүз көбүнесе Бишкек көчөлөрүндөгү "унаа токтотуу чеберлерине" арналат, бирок кызыктары андан да арбын.

14-март. Таңгалбай деле коюңуз, коомдук транспорттун айдоочусу болгону жолдун дал ортосунан жүргүнчү алууга ашыккан.

16-март. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен анча ыраак эмес 10-кичирайондо машина "оттогусу" келген өңдөнөт.

Нарушения правил парковки в Бишкеке
Нарушения правил парковки в Бишкеке

19-март. Бул кичи автобустун айдоочусуна калаанын дал борборунда, "Ала-Тоо" аянтында же жөө адамдар өтмөгүндө унаасын токтотуш кыйынга турбайт. Дал ушул жерге токтоткусу келсе, токтой берет.

21-март. Абдрахманов көчөсүндөгү тротуарда Subaru үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тилекке каршы, автонун мамлекеттик номери даана көрсөтүлбөй калган.

21-март. Ноорузду майрамдоо күнү Тыныстанов көчөсүндөгү тротуарга коюлган бир нече машинаны көрүүгө болот. Номерлери так байкалат — Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик башкармалыгы үчүн маалымат.

Жаш Гвардия проспектиндеги супермаркеттердин биринин жанында баарыбыз жактырган, B5000BB номерлүү Lexus коюлган. Ал күнү да майрам эле.

Бишкектин чок ортосундагы жол кесилиштерине жакын (Башкы почтампттын тушу) массалык түрдө эреже бузулган. Калаа борборундагы тротуарга кечке жуук бир нече автомобиль токтотулган. Айрымдары — Кыргызстанда катталган чет элдик ишканалардын номерлери тагылган унаалар. Күбө белгилегендей, меймандар тойго келишкен.

1 / 3
Чүй жана Эркиндик проспектилериндеги тротуарга да бир нече унаа коюлган
2 / 3
Чүй жана Эркиндик проспектилериндеги тротуарга да бир нече унаа коюлган
3 / 3
Чүй жана Эркиндик проспектилериндеги тротуарга да бир нече унаа коюлган

23-мартта Чүй — Эркиндик проспектилери. Айдоочу кыязы жөө адамдар өтмөгүндө токтотууга болбостугун эстен чыгарса керек.

Бул киши баласын кенедейинен машина айдоону үйрөтүүнү чечкен көрүнөт. Бирок ал алдыңкы орундукка 12 жашка чейинки балдарды отургузууга тыюу салынарын унутуп койсо керек. Сиздер көрүп тургандай эреже бузулганы анык.

Бишкекте алдына бала отургузуп унаа айдаган айдоочу. Күбөнүн видеосу

Активист Болот Ибрагимовдун баракчасында жарыяланган тасмада даана байкалгандай, жүк ташуучу унаа туташ тилкени кесип өтүүдө, ал эми кроссовер ага жол бошотуп, тигинин эреже бузуусуна "көмөктөшүүдө".