БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Апрелдин башында Бишкектин борбору менен батыш бөлүгүндө бир нече күн газ болбой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Бир нече күнгө созулчу оңдоо иштери этап-этабы менен жасалат.
Көгүлтүр от 2-3-апрель күндөрү Ден Сяопин, Сельпо, Серпуховская жана Корейская көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө болбойт;
3-4-апрелде Жумабек, Абдрахманов көчөлөрү менен Эркиндик, Жибек Жолу проспектилеринин чектешкен аймагына берилбейт;
4-5-апрель күндөрү Манас айылы, Курултай жана Ветеринарная көчөлөрүндө үзгүлтүккө учурамакчы.