Радио

Жумаканов: Бишкекте кооптуу делген гана бак-дарактар кыйылууда

Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы Дамир Жумаканов кыйылган бир дарактын ордуна 5-7 көчөт отургузулуп жаткандыгын айтты
Sputnik
Жумаканов: Бишкекте кооптуу делген гана бак-дарактар кыйылууда

Бишкекте кооптуулук жараткан гана бак-дарактар кыйылууда. Бул тууралуу Дамир Жумаканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди,

Анын айтымында, буга чейин Бишкекте 1 600 бак кыйылган.

"Өткөн жылдан баштап кыйылган дарактардын ордуна стандарттуу көчөттөрдү эмес, тамыры бат алчу бак-дарактар отургузулуп жатат", — деди Жумаканов.

Ал азыркы кезде Бишкек шаарына 2047 бак отургузулганын, ал эми жылдын аягына чейин 15 миңден ашык дарак отургузуу пландалып жаткандыгын кошумчалады.