Бишкектеги "Атом моделин" сүзгөн жолтандабас. Кырсыктан кийинки видео

Күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине кырсыктан кийинки видеону жиберишти.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кадрдан көрүнүп тургандай, унаанын айнектери талкаланып, коопсуздук жаздыктары сыртка чыгып калган.

Эске салсак, жол кырсыгы бүгүн, 30-мартта саат 06.00дөр чамасында Чүй проспектисиндеги Улуттук илимдер академиясынын жанында болгон. Honda CRV үлгүсүндөгү унаа проспекти менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай калып "Атом моделин" сүзүп кеткен

ЖКККББнын маалымат кызматы айдоочу мас абалында болгонун айтып, эки жүргүнчүсүн кошкондо үчөөнүн баш мээси чайкалганын маалымдады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.