Жалал-Абад менен Чүйдөгү айрым жергиликтүү кеңештер таратылды

Жаңы шайлоо 2018-жылдын 13-майына белгиленди
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад менен Чүйдөгү бир катар жергиликтүү кеңештерди таратып, кайрадан шайлоо дайындоо боюнча Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Асылбек Жээнбеков мандаттан ажыратуу тууралуу кептерге жооп берди
Ага ылайык, Аксы районундагы Кара-Жыгач менен Сокулук районундагы Сокулук айылдык кеңеши аткаруучу органдын башчысын тандай алышкан эмес.

Андыктан жаңы шайлоо 2018-жылдын 13-майына белгиленип, Борбордук шайлоо комиссиясына мөөнөтүнөн мурда белгиленген шайлоону уюштуруп, өткөрүү тапшырылды.

Президенттин жогорудагы Жарлыгын көзөмөлдөө президент аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-көзөмөлдөө иштери бөлүмүнө тапшырылган.