"Рух ордодо" 12 жаштагы кыз зордукталды. Милиция комплекстин кызматкерин кармады

Курсагы ач кызды таксист кароолчунун будкасына киргизип чай берип, андан соң күч колонуп кордогон
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы кызды зордуктады деп кармалган кызматкер коюлган айыпты мойнуна алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 25-март күнү болжол менен саат кечки сегиздерде болгон. Милицияга арыз менен өспүрүмдүн энеси кайрылган.

"Шектүү 26-март күнү кармалды. Такси айдап жан баккан 53 жаштагы киши сурак учурунда кыз үшүп калганын айтып, унаага жылынуу үчүн отурганын билдирди. Курсагы ач болгонунан таксист аны кароолчунун будкасына киргизип чай берип, андан соң күч колдонуп кордогон. Шектүү күнөөсүн мойнуна алды", — деди Усубакунов.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 129-беренесинин 3-пункту (жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, карлмалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.