Жума күнүнө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жума күнү жаандуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Күн Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 13…18 градуска чейин жылыса, Талас, Ысык-Көл менен Нарында 11…13 градус нөлдөн жогору болот.

Ош, Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, 17…18 градус жылуу болушу күтүлүүдө.