Радио

Эргешов: Кербен — Нанай чек ара бекети ачылса Аксы элине жакшы болот эле

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов эгерде пост ачыла турган болсо 2 миллион 800 миң калкы бар Наманган аймагына жол ачыларын айтты.
Sputnik
Эргешов: Кербен — Нанай чек ара бекети ачылса Аксы элине жакшы болот эле

Кербен — Нанай чек ара бекети ачылса Аксы элине жакшы болот. Бул тууралуу депутат Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган бекет буга чейин иштеп келген.

"Чек арада жайгашкан айылдарга көңүлүңүздөрдү бургум келет. Аксы районунун эли дыйканчылык менен алектенип, мал кармайт. Аталган райондун 145 чакырымы Өзбекстан менен чектеш. Буга чейин Кербен — Нанай посту болгон. Бүгүнкү күндө ошол бекет жабык турат. Эгер аталган жер ачыла турган болсо райондо өндүрүлгөн продукцияларды кошуналарга өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк", — деди Эргешов.

Ал маселе оң жагына чечиле турган болсо 2 миллион 800 миң калкы бар Наманган аймагына жол ачыларын кошумчалады.