Кемероводогу өрттөн улам дайынсыз болуп жаткан үч киши табылды

Дайынсыз жоголду деп 67 кишинин туугандары арыз менен кайрылган
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кемероводогу өрттөн улам туугандары дайыны жок деп жаткан үч киши аман-эсен табылганын РИА Новости агенттиги билдирди.

"Дайынсыз жоголду деп түшкөн 67 кишинин үчөө аман-эсен табылды. Акыркы маалыматтар боюнча 64 киши дайынсыз жана ошончо эле киши каза болгон", — деп айтылат Тергөө комитети тараткан билдирүүдө.

Кемероводогу өрттөн каза тапкандардын санын бурмалаган пранкерге өкүм чыкты
Дайынсыз жоголгондор боюнча маалыматты Кемерово облусунун жетекчилиги да текшерип жатат. Жакында эле аймактын биринчи вице-губернатору Владимир Чернов демилгелүү топ аларга дайынсыз жоголду делген 78 кишинин тизмесин бергенин айткан. Ошол эле учурда бул маалыматтар туура эмес да болуп калышы ыктымалдыгын баса белгилеген.

"Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрттөн 64 киши каза болуп, учурда 27 сөөктүн тек-жайы аныкталды.

Учурда тергөө өрт зымдардын тийишип кетишинен же атайылап өрттөлүшү мүмкүндүгүн боолголоп жатат.