"Бишкек сулуусу" болом деп кимдер ат салышты. Сынактан алынган ирмемдер

Sputnik

Бишкекте эң сулуу бийкеч кантип тандалды. Видео
28-мартта калаадагы банкет залдарынын биринде "Бишкек сулуусу — 2018" сулуулук конкурсу болуп өттү.

Биринчи орун үчүн 20 кыз ат салышып, жеңүүчү деп Сезим Асранкул кызы табылды. Уюштуруучулардын айтымында, жеңүүчү кыз Каир шаарында өтө турган эл аралык Miss International 2018 сынагында Кыргызстандын намысын коргойт.

Экинчи жана үчүнчү орунду багындырган селкилер дагы эл аралык масштабдагы конкурстарга катышат.

1 / 11
Шаршемби күнү "Бишкек сулуусу — 2018" конкурсунун финалы өттү
2 / 11
Бул конкурс ушуну менен үчүнчү жолу өткөрүлүүдө
3 / 11
Финалда 20 кыз ат салышты
4 / 11
Кыздар кече кийими менен
5 / 11
Мыктыны аныктоо үчүн калыстар бир нече конкурстарды дагы өткөрдү
6 / 11
Подиумда кериле баскан селкилер
7 / 11
Улуттук оюу түшүрүлгөн кийим кийген сулуулар
8 / 11
Конкурска мектеп окуучулары дагы катышты
9 / 11
Вице-сулуу наамы Алина Болотбековага ыйгарылды
10 / 11
Жеңүүчү деп 22 жаштагы Сезим Асанкул кызы
11 / 11
Былтыр дал ушул конкурста Сезим "эң саркеч катышуучу" наамын жеңип алган