Барвихада тапанча аткылап дүң болгон Витас камакка алынды

Сотто ырчы эмне себептен үйүнөн ок чыгарганы айтылган жок
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Витас деген псевдоним менен таанымал россиялык ырчы Виталий Грачев Бархивадагы үйүнөн ок чыгарганы үчүн жети суткага камалды. Бул тууралуу РИА Новости Москва облустук сотуна шилтеме берип жазып чыкты.

Буга чейин укук коргоо органдары Грачев тапанчаны огу жок аткылаганын билдиришкен. Кийин Витас полицияга барып түшүнүк кат жазып берген. Бирок сотто мындай кадамга барууга эмне түрткү болгону айтылган эмес.