Ошто эртең узундугу 60 метрге жеткен өзгөчө көпүрө ачылат. Эскиз

Мэриядан подиум-көпүрөнүн ачылышына премьер-министр Сапар Исаковдун катышарын кошумчалашты
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош калаасында эртең Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган подиум-көпүрөнүн ачылышы болот. Бул туурасында аталган шаардын мэриясынан кабарлашты.

Дарыянын үстүнө курулган көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

1 / 4
Ош калаасында эртең Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган подиум-көпүрөнүн ачылышы болот.
2 / 4
Дарыянын үстүнө курулган көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот.
3 / 4
Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.
4 / 4
Мэриядан подиум-көпүрөнүн ачылышына премьер-министр Сапар Исаковдун катышарын кошумчалашты.

"Подиум-көпүрөдөн эс алуучулар, ары-бери каттаган жөө жүргүнчүлөр өтөт. Автоунаа жүрбөйт. Ал жерге иш-чара учурунда 300гө чукул адам сыят", — деп билдиришти мэриядан.

Москвадагы "Киргизия" кинотеатрынын оңдолгондон кийинки көрүнүшү. Эскиз
Мэриядан подиум-көпүрөнүн ачылышына премьер-министр Сапар Исаковдун катышарын кошумчалашты.

Муниципалдык органдын жетекчилери Борбор Азияда мындай долбоор биринчи ирет ишке ашып жаткандыгын айтышты.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.