Операция учурунда селфиге түшкөн медайымдар табылды

Операция залында селфиге түшкөн кызматкерлерге карата административдик айып салынат
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Операция залында селфиге түшкөн аялдар Улуттук онкология борборунда иштей турганын КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Саматбек Тойматов билдирди.

Бир канча күн мурда социалдык тармакта операция залында сүрөткө түшкөн аялдардын жоругуна нааразы болгон жаран билдирүү тараткан. Айрым колдонуучулар аларды сынга алса, кээси жиндене турган деле нерсе жок экенин жазышкан.

"Улуттук онкология борборунун директору менен сүйлөштүк. Ал сүрөттөгү кызматкерлерге карата административдик чара көрөт. Биринчиден сүрөт кайда тартылганы аныкталат. Аялдардын бирөө доктур болуп иштесе, экинчиси медайым экени белгилүү болду", — деди Тойматов.

Сүрөт кандай жагдайда тартылганы азырынча белгисиз.