Окумуштуулар кайсы өлкөнүн жарандары көп уктай турганын аныктады

Уйкуга эң көп убактысын өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары бөлөт экен
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Чет элдик социологдор кайсы өлкөнүн жарандары узак уктай турганын изилдеп чыкканын 1843 журналы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда адамдардын күнүмдүк уйкусунун узактыгы жашоо шарттын деңгээлинен көз каранды.

Изилдөө учурунда окумуштуулар адамдын активдүүлүгүн жана уйку убактысын эсептеген Sleep Cycle тиркемесиндеги маалыматтарды колдонушкан. Аталган программаны миллиондон ашык адам пайдаланат.

"Бардыгынан көп Жаңы Зеландиянын жашоочулары укташат (күнүнө 7 саат 40 мүнөт). Нидерланддар, Финляндия, Австралия жана Улуу Британиядагылар алдыңкы беш сапка кирди. Бул өлкөдөгү адамдар күнүнө 7,5 сааттай укташат", — деп айтылат маалыматта.

Россиялыктар европалык коңшуларына салыштырмалуу бир аз азыраак, 7 саат 10 мүнөт укташат. Суткасына 6,5 сааттан Япония, Түндүк Корея жана Сауд Аравиясындагылар эс алат.

Ал эми орточо эсеп боюнча Жер шарындагы адамдар 7 саат 12 мүнөт уйкуда болот.

Окумуштуулар билдиргендей, уйкуга эң көп убактысын өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары бөлөт.