Сочи менен Европага жааган сары кардын сыры ачылды

Мындай көрүнүш 2007-жылы Сибирде да катталган
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Өткөн дем алыш күндөрү Европанын айрым бөлүктөрү менен Россиянын Сочи аймагына адаттан тыш сары жана сары-кызыл түстөгү кар жааган.

Кардын мындай өңгө боёлуп калышына Сахара чөлүнөн келген шамал себеп болгонун LiveScience басылмасы НАСАнын спутниктеринен алынган маалыматка таянуу менен билдирди.

"Бул жерде таң кала турган деле нерсе жок. Мындай көрүнүш 2007-жылы Сибирде да катталган. Бул ирет Европанын аба мейкиндигинде Сахаранын чөлүнөн шамал менен кумдун бүртүкчөлөрү келген. Кар же жаан жааганда абада калкып турган бүртүкчөлөр жерге түшөт", — деген пикирин Британиянын метеорология уюмунун климатологу Стивен Китс айтты.

Соцтармактын колдонуучулары да бир катар сүрөттөрдү жарыялашкан.