Нарында катуу шамал айыл өкмөт менен мектептин чатырын учуруп кетти

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп, материалдык чыгымдар такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарын районунда болгон катуу шамал Учкун айылындагы турак жайдын, Куланак айыл өкмөтүнүн имаратынын жана Достук айылындагы мектептин чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 27-мартта саат 17:30дар чамасында ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Жапа чеккен киши катталган эмес. Шамалдан Дөбөлү, Алыш айылдары да жабыр тарткан.

"Жалпы район боюнча үч турак үйдүн жана үч социалдык объектинин чатырларын шамал алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп, материалдык чыгымдар такталууда.