Кемероводогу өрттөн жүздөгөн адам өлдү деген кабарды ким таратканы аныкталды

Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 киши каза болгон
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кемероводогу өрттөн каза болгондордун саны боюнча жалган маалыматтарды чет элдик пранкер таратканын РИА Новости агенттиги Россиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светалана Петренкого таянуу менен маалымдады.

Ураиналык пранкер Евгений Вольновдун YouTube каналында видео жарыяланган. Анда пранкер өзүн ӨКМдин өкүлү деп тааныштырып Кемероводогу өлүкканаларга телефон чалып, канча бош орун бар экенин сурап, дагы 300дөй сөөк келе турганын айткан. Бул маалымат интернетте тездик менен тарап кеткен.

Кемеровонун вице-губернатору элден тизелеп кечирим сурады. Видео
Ага жооп иретинде ТОК аттуу колдонуучунун YouTube каналында видео жарыяланып, жалган маалыматтарга алданбоо сунушталган.

РФ Тергөө комитетинин билдиргени боюнча чет элдик жаран коомду туруксуздаштыруу үчүн каза болгондордун саны боюнча жалган маалымат тараткан.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча Кемероводогу "Зимняя вишная" соодо борборунда чыккан өрттөн 64 киши каза болгон.

Буга чейин каза болгондордун жакындары митингге чыгып, каза болгондордун так санын айтууну талап кылган. Шаардын мэри Илья Середюк жана демилгелүү топтун 15 өкүлү сот-медициналык экспертизанын өлүкканаларына барып текшеришкен. Андан кийин маалыматтар салыштырылып, тизмеге кирбей калгандар аныкталган эмес.