Депкир менен сабалган ымыркайдын энесине жаңы берене менен иш козголду

Тергөөчүлөр соттук-медициналык эксперттер чыгарган бүтүмгө ээ болуп, анын негизинде кылмыш иши башка беренеге өзгөртүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Өз баласын депкир менен сабаган энеге карата козголгон кылмыш иши өзгөртүлүп, келин башка берене боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Ош ИИБинен маалымдашты.

Баласын депкир менен сабаган келиндин сурак берүү учуру. Видео
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында тергөөчүлөр "бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, аны өзгөртүү үчүн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышкан.

Эксперттердин чыгарган бүтүмүнө ылайык Ош шаарынын жашоочусуна карата Кылмыш жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүгү боюнча (адам өлүмүнө алып келген залака тийгизүү) кылмыш иши козголду.

"Айыпталуучу 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Тийиштүү токтом чыкканы менен аял аны менен тааныша элек. Бүгүн ал Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайдан алып келинет дагы айыбы угузулат", — деп ИИБден билдиришти.

Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала өзүнө келбей каза болгон. Анын сөөгүн туугандары алуудан баш тарткандыктан соцкызматкерлер жерге берген.