Чоң кызматтарда аймактардын көйгөйлөрүн көрүп, билгендер иштеши керек. Бул тууралуу Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алыскы аймактардын көйгөйлөрүн өз көзү менен көргөндөр натыйжалуу иштейт.
"Негизи мамлекеттик деңгээлдеги кызматта иштөө үчүн сөзсүз түрдө тажрыйба керек. Биздин алыскы райондордун көйгөйлөрүн көргөн, билген киши келип иштесе натыйжа жакшы болмок. Анткени борбордо негизинен чечим чыгаруу процесстери болот. Мында аймактардын көйгөйүн билүү өтө маанилүү", — деди Акрамов.
Ал мамлекеттик чоң кызматтарга Жогорку Кеңеш аркылуу тандалаарын кошумчалады.