Бишкектеги айланма жолдогу аң-чөнөктөргө таш төгүлүүдө. Видео

Айланма жолдогу аң-чөнөктөрдү кызгылт-сары жилет кийген кишилер таш менен толтуруп жатканын күбө видеого тартып алган.
Sputnik

Бишкектеги коомдук транспорт жаңы багыт боюнча каттайт. Карта
Окуянын видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номерине жиберди.

Видеодо кызгылт-сары жилет кийген кишилер асфальттагы аңдарды таш менен толтуруп жатканын көрүүгө болот. Эреже боюнча асфальттын тешилген жерлерине жаңы асфальт төшөлүшү керек болчу.

Иштеп жаткан кишилер "Ак-Бата" жаңы конушундагы айланма жолдон 28-мартта эртең менен тартылган.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.