Балыкчыдагы өзгөчө өтмөктөргө кеткен чыгымдын чоо-жайы айтылды

Өзгөчө жол чийиндер тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык тармакта ага жумшалган каражатка нааразы болуп, сын пикирлер айтылган
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы жарыктандырылган жол чийиндерге жалпы жонунан 461,1 миң сом каражат жумшалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Азис Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, үч жол чийинге беш даана магистралдык фонарь коюлган.

"Балыкчы шаары шамалдуу болгондуктан аквафермаларды, тирөөчтөрдү бышык материалдардан койдук. Бир жол чийинге бийиктиги 5,5 метр, диаметри 108 миллиметр келген 8 даана түтүк, кайчылаш түтүк орнотулуп, аларды бириктирүүгө 12 миллиметрлик тросттор пайдаланылган. Ошондой эле ар бир ферманын астына шамалга туруштук берүү үчүн 1 тоннага жакын бетон куюлду. Жалпы сумма 461,1 миң сомду түзүп, ар бир жол чийинди жарыктандырууга 153 миң 600 сом жумшалды", — деди Асаналиев.

Башкармалыктын жетекчиси бул сумманын ичинде транспорттук чыгымдар жана кызмат акы киргенин айтып, каражат "Ысык-Көлдү өнүктүрүү" фондусунан бөлүнгөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, өзгөчө жол чийиндер тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык тармакта ага жумшалган каражатка нааразычылык жаралып, сын пикирлер айтылган.