Путин Кемерового келип, өрт чыккан жерге гүл койду

Акыркы маалыматтар боюнча тилсиз жоо 64 адамдын өмүрүн алган
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин шейшемби күнү эртең менен эрте Кемерового учуп келип, "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрттөн каза болгон 64 кишини эскерип, гүл койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Кемероводогу каргаша. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты
Путин ошондой эле президенттин Сибирь федералдык округундагы ыйгарымдуу өкүлү Сергей Меняйло менен күйүп кеткен имараттын фасадын карады.

Жекшемби күнү, 25-мартта, Кемерово шаарындагы төрт кабаттуу соода-көңүл ачуучу имаратында өрт чыгып, 64 киши каза болгон. Анын сегизи балдар экени аныкталган. Жабыркагын 13 киши ооруканада дарыланууда, алар иске ууланып калган.

Сан жагынан алып караганда бул өрт Россиядагы эң чоң төрт кырсыктын катарын толуктайт. 1999-жылы Самара ИИБинде өрт чыгып, 57 киши каза болгон. 2007-жылы Краснодар крайындагы карылар үйүндөгү өрт 63 кишинин өмүрүн алган. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 киши өлгөн.