БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кафедра башчысы менен эки аспирант иштен алынды. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.
"Кафедра башчысы менен эки аспирант иш учурунда спирт ичимдиктерин ичкендиктери үчүн иштен бошотулду. Ал эми мугалимдердин тартибин бекем сактабаган инженердик-экономикалык факультеттин деканына сөгүш жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге 102 кызматынын батальону келип, кафедра башчысын милициянын бөлүмүнө жеткирген. Мугалим арыз жазган. Жабырлануучунун айтымында, дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын айтып, колуна гипс коюшкан.
Бишкек ШИИБ аталган факты каттоо китебине киргизилип, Биринчи Май райондук ИИБ иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.