РФтин Тергөө комитети Кемероводогу өрттүн болжолдуу себептерин айтты

Бастыркин өрт электр өткөргүчтөрдүн бузулушунан же атайылап от жагуудан улам келип чыкканын белгиледи
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастыркин Кемероводогу өрттүн эки негизги себеби каралып жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Электр зымдардын тийишүүсү жана атайылап от жагуу. Мына ушул эки нерсе өрттүн негизги себеби катары каралып жатат", — деди ал шейшемби күнү Владимир Путин өткөргөн кеңешмеде.

"Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда жекшемби күнү өрт чыгып, очогу бир нече кинозал менен балдар аянтчалары иштеген жогорку кабатта жайгашканы айтылган. Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 адам каза таап, анын 41и балдар.

Бастыркин электротехникалык, курулуш жана техникалык эскпертизалар дайындалганын белгиледи.