Малайзияда фейк жаңылык жазгандар жоопко тартылат

Мыйзам долбоор өткөн жумада өкмөт тарабынан жактырылган
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Малайзия өкмөтү "фейк жаңылыктар" менен күрөшүү үчүн мыйзам долбоорун парламентке сунуштады. Ага ылайык, жалган маалымат тараткандарга айып салынат, же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын Straits Times басылмасы жазды.

"Жалган маалыматтарды таратуу глобалдык көйгөйгө айланып, коомго өтө терс таасирин тийгизүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Facebook фейк аккаунттар менен кантип күрөшөрүн айтты
Басылманын жазышынча, мыйзам долбоору соттун чечими менен жалган маалыматты медиа-платформадан же социалдык тармактан өчүртүп, төгүндөө иретинде кайта жаңылык жарыялоого мүмкүндүк берет. Өз кезегинде мындай маалыматты максаттуу түрдө таратып, же тапшырма бергендерди 10 жылга чейин эркинен ажыратып, 500 миң малайзиялык ринггит (168 миң доллардай) айып салуу каралган.

Мыйзам долбоор өткөн жумада өкмөт тарабынан жактырылды.