Азык-түлүк жүктөлгөн КРдин фуралары Россиядан артка кайтарылды

Кыргызстан менен Казакстандан карантинге алынган тамак-аш алып кирүүгө аракеттер болгон
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандан көчөт жана капуста жүктөлгөн жүк ташуучу автоунаа Россияга кирүүгө аракет кылган учурда кармалганын РФтин айыл чарба көзөмөлүнөн билдиришти.

23-марттан 26-мартка чейин карантинге алынган азык-түлүктү Россиянын аймагына алып кирүүгө бир нече жолу аракет болгон. Кыргызстандан лимондун, гладиолус, георгиндин 640 даана көчөтүн жүктөп келе жаткан фура Орск шаарынан кармалган. Текшерүү учурунда өсүмдүктөрдүн сапатын тастыктай турчу тийиштүү документтер болгон эмес.

1 / 2
Кыргызстандан көчөт жана капуста жүктөлгөн жүк ташуучу автоунаа Россияга кирүүгө аракет кылган учурда кармалган
2 / 2
23-марттан 26-мартка чейин карантинге алынган азык-түлүктү Россиянын аймагына алып кирүүгө бир нече жолу аракет болгон

Башка көзөмөл өткөрүү пунктунан Кыргызстандан жүктөп келе жаткан 20 тонна капуста жана Казакстандан келе жаткан 40 тонна акшак кармалган. Россиянын айыл-чарба көзөмөлүнүн маалыматы боюнча бул азык-түлүктөр карантинге алынган.

Алынган товарлар Кыргызстан менен Казакстанга кайта жөнөтүлдү.